Кечээ, 2-августта “Манас” эл аралык аэропортуна Москва-Бишкек багыты боюнча “Аэрофлот-Россия авиа каттамдары” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Россиядан 423 КР жараны кайтып келди, анын ичинде 41 жаш бала бар.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана мекенине кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргызстанга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон жарандар келишти. 

Кыргызстанга КР жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон жолдорду издөө иши улантылууда.