Египет бийлиги Илон Маскты өлкөгө келип, белгилүү египет пирамидаларын бөтөн планетанын адамдары курбагандыгын өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

Жума күнү «Теслы» жана SpaceX компанияларынын башчысы Илон Маск бир катар твиттерди жазып, аларда египеттик пирамидалардын адам баласына таандык эмес экендиги тууралуу оюн билдирген.

Бул боюнча Эл аралык кызматташтык боюнча египет министри Рания аль-Машат Маска кайрылып, пирамидалар кадимки эле адамдар тарабынан курулгандыгын айткан. Ал эми египеттик археолог Захи Хавас болсо Масктын айтканын «жөнү жок сандырактоо»-деп сындап, пирамидаларды куруучулардын көрүстөнүн тапканын, бул болсо куруучулардын чыныгы египеттик адамдар болгондугун тастыкчоочу айныксыз далил экендигин кошумчалаган.

Белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күнгө карата Египетте 100дөн ашык пирамидалар сакталып калган. Алардын эң белгилүүсү болуп Хеопс пирамидасы саналат жана анын бийиктиги 137 метр.