Дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы аталган Финляндиянын премьер-министри Санна Марин расмий түрдө турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Санна Марин жана футболист Маркус Райкконендин үлпөт тою 40 адамдын катышуусунда болуп өткөн. Тойго алардын жакындары жана достору катышкан.

Түгөйлөр 16 жылдан бери жакын мамиледе болуп келгендиги жана алардын эки жарым жашта кызы бар экендиги  айтылат.

Санна Марин 34 жашында былтыркы жылдын 10-декабрында Финляндиянын премьер-министри болуп шайланган. Жыйынтыгында ал дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр аталган.