КР эмгек сиңирген ырчысы  Самара Каримова «Биримдик» партиясы менен күзүндө өтчү Жогорку Кеңешке парламенттик шайлоого аттанат деген маалыматтар эл арасында желдей тарап жатат.  Айтылган кептерди тактоо үчүн ырчы айымга байланышка чыкканыбызда, кичи мекенинде жүргөндүгүнө байланыштуу телофонун албагандыктан, маалымат ала алган жокпуз.

 Калк айтса калп айтпайт деген кеп бар эмеспи, эгер чындап саясатка аттанып,эл жүгүн аркалоону максат кылса ийгилик каалайбыз. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй шоу-бизнес өкүлдөрү саясатта да мыктылыгын көрсөтүп келишкен.

Эске салсак буга чейин Самара Каримова аталган партиянын курмында Ош шаардык Кеңешине депутаттыкка көрсөтүлгөн.