Бишкек шаарында автомат көтөргөн киши адамдарды коркутту. Окуя учурунда тартылган видео социалдык тармакка жарыяланды.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 1-август күнү болгон.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Толук маалымат кийинчерээк берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Видеонун алдына окуя «Прованс» конок үйүндө кардарлар менен күзөтчүлөрдүн катышуусунда болгону жазылган. Ал эми «Прованс» конок үйү комментарий берген жок.

Эскертүү тасмада сөгүнгөн сөздөр бар!

https://www.instagram.com/p/CDZJ5f1gudU/?igshid=1uc3g83m6u6qg