Ысык-Көл облусунда өткөн жумада коронавирус менен ооруган адамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, мындай кырдаал акыркы убакта Ысык-Көл облусуна каттаган адамдардын саны көп болгондугуна байланыштуу. 

«Эгерде 27-июлга карата коронавирустун 4 учуру катталса, 30-июлда 13 учур катталган. Ал эми 1-августка карата коронавирус менен ооруган адамдардын саны 15ке жетсе, 2-агустта 29 жаңы учур аныкталган. Ооруган адамдардын санынын өсүү динамикасы  июль айынын башында байкалган, акыркы бир жуманын ичинде кыйла көбөйдү.

Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунун жарандарынан жана эс алууга келген жарандардан облустар аралык жолдо жүрүүнү чектөөнү өтүнөт элек. Оору көбөйүп кеткен учурда саламаттыкты сактоо уюмдарына жана медицинлык кызматкерлерге оор болот» «, — деди Акматова.