Бүгүн, 3-августта Саламаттык сактоо министрлиги министр Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкканын билдирди.

Маалыматка караганда, министр стационардык дарылануудан кийин бир жума үй карантинде жана обочолонуу режиминде болду.

Сабиржан Абдикаримов коронавирус козгоочу пневмонияга чалдыгып, 10-июлда ооруканага жатканы айтылган.

Буга чейин анын кызматтан кеткени, ордуна өкмөткө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаевадайындалары тууралуу маалымат тарап, бирок өкмөт аны четке каккан.

Абдикаримов ооруган учурда саламаттык сактоо министринин милдетин анын орун басары Мадамин Каратаев аткарды.

Кыргызстанда 17-июлдан бери пневмония коронавирус катары эсептелип жатат.