Байгараев Баимбет Нуралиевич «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин ишканада башкы инженер болуп эмгектенип жаткан. Ал эми ишканада иштегенине 20 жыл болду.

«Бишкек жылуулук энергонун» мурунку директору Виктория Мозгачева борбордун социалдык саясат боюнча вице-мэри болуп дайындалган.