Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин кызматкерлери «Мекен» тасмасынын таркатылышына эч кандай тыюу жок деп түшүндүрүштү.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул толук метраждуу көркөм тасманы   Borbor Asia  жеке студиясында режиссер Медербек Жалилов жана продюсер Бектемир Мамаюсупов өз каражаттары менен тартышкан. Премьерасы 20-мартта «Манас» кинотеатрында пландаштырылган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам, бардык кинотеатрлар өз ишин токтотушкан.


Мекемеден зомбулук, порнография, террористтик, экстремисттик мазмунун, ошондой эле этникалык кастыкты козуткан көрүнүштөрдү чагылдырган кинотасмаларды көрүү үчүн фильмдерди карап чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия 2016-жылы түзүлгөнүн кошумчалады. 

Министрлик эскерткендей, фильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында прокатка алуу эрежелерине ылайык, автордук укук ээси арыз жазып, менчигинин же ээлик кылгандыгын тастыктаган документтерди бериши керек. Андан кийин, «Кыргызфильмфонд» фильмди милдеттүү түрдө көргөндөн кийин, мамлекеттик каттоо күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алат.