КР Президентинин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу оорулар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык ремонттон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имарат курулганы калды.

Имарат куруу үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты чечилип, курулуштун алгачкы жумуштары башталды.

Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланат. Узундугу 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландалууда.

70 орундуу оорукананын 20сы реанимациялык орунга ылайыкталат. Заманбап үлгүдөгү бокс палаталар салынып, дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда контакт аз боло тургандай ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү.

Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иштеп жатат.