Россиялык түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев «Россия 24» телеканалына берген маегинде коронавируска каршы алгачкы россиялык вакцина 10 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлөөрүн, ошондой эле бул багытта, башкача айтканда вакцина жасоо мөөнөтү боюнча Россия жакында АКШ жана башка өлкөлөрдү артка калтырат.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын аягында өлкө ай сайын 10 миллион доза өндүрүп турмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин Минпромторг башчысы Денис Мантуров 2021-жылдын башына карата Россия бир нече миллион дозага ээ болору тууралуу айтып кеткен. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча россиялык жарандар октябрь айынын аягында массалык мүнөздө бекер вакцинациядан өтө алышат жана биринчилерден болуп аны дарыгерлер жана мугалимдер алышат.