Коронавирустан жабыркаган бейтаптардын саны кыйла кыскаргандыгына байланыштуу «Дордой» жаңы конушундагы күндүзгү стационарды жабуу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган стационарда үстүбүздөгү жылдын 8-июлунан тартып 3-августуна  чейин бардыгы болуп 2921 пациентке медициналык жардам көрсөтүлгөн. Белгилей кетчү нерсе, бейтаптар үчүн баштапкы фармацевттик препараттар, инфузиялар, консультациялар, ошондой эле инъекциялар бекер болгон же Жумабек Салымбековдун эсебинен каржыланган.

«Биздин үй-бүлө бул кеселге кабылган бейтаптарга жардам көрсөткөнү үчүн өтө кубанычта. Ошол эле учурда медициналык кызматкерлергеп, Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары А.С. Садыковага жана болгон күч-аракетин жумшап, күнү-түнү иштегендерге чооң ыраазычылык билдирет. Бардыгыңыздарга чың ден соолук каалайбыз!» — фейсбук социалдык тармагына Нурзат Осмонова билдирүү калтырган.