Сынчынын сыңар өтүгү майрык дечү эле кыргыздар. Асанов деген алты тамгадан турган фамилиясын жаза албай төрт тамгасын жеп койгон, мурда Ош базарда эт сатып, кийин Рыскулов көчөсүндө темир сатып, «тыбыт алчумун» деп, Аксынын тоолорунда эчки кубалап жүрүп, Текебаевдин омуроосу менен депутат болуп калган Бектур Асанов кайрылуу жолдоду. Ап этип эле президентти этектен алды. Токтой турчу Бектур мырза. Сен баягы Бакиев доорунда долуланып жүрүп Пакистанга элчи болуп, пакистандыктар менен суу май иштетүүчү завод ачам деп аларды алдап кеткен, Бакиев куулганда Пакистандан Ташкентке учуп, ал жерден өзбек элинин жана Кадыржан Батыровдун колдоосу менен Жалал-Абадка губернатор болуп, Бакиевдердин үйү өрттөнгөндө машинеде карап, өзбектерге дем берип, кийин дагы бир жолу бийликти алмаштырам деп сүйлөй коюп соттолуп чыккан Бектурсунбу же башкасынбы?