Буга чейин «Кыргызстан» партиясынын азыркы лидери Канат Исаев жана ал партиянын негиздөөчүсү, башкы каржылоочусу алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов экөөнүн ортосун кара мышык аралап, жакын достору да ортого түшүп бириктире албай жаткан. Шакинин дагы бир ишенимдүү досу, Нарындын экс губернатору Канатбек Муратбековду «Кыргызстан» партиясынын тизмесине Канат Исаев атайын кошпой, Нарын областы боюнча башка балдарды шайлоого тизмеге кошкондуктан ортодогу ажырым ачыкка чыгып, Шаки аталган партияны каржылоодон толук баш тартканын эшиттик. Жакын арада Шаки партиядан балдарын алып толук чыгып, саясаттан алыстаганы турат …