Travel and Leisure басылмасынын маалыматына ылайык CityAirbus деп аталышкан учуучу таксилер төрт жүргүнчүсү менен саатына 120 километр ылдамдыкта жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Артыкчылыгы: дистанттык түрдө башкарылып, электр энергиясы менен иштейт жана учуп баратканда дээрлик үнү угулбайт. Ойлоп табуучулар жакынкы мезгилдерде алар толук ишке берилет жана шаар ичиндеги тыгындар азаят деп үмүттөнүшүүдө.

Аталган машинелер алгач 2019-жылы сыноодон өтүшкөн. Ошентсе да, алардын эксплуатацияга качан берилээри так айтыла элек.