Белгилүү телеалыпбаруучу Владимир Познер немис бундестагынын депутаты Кристиана Шмидтин «Европалык коопсуздук архитектурасы жакшыртууга муктаж болгондуктан Россиянынын НАТОго кошулуусу жөнүндө дискуссияны жаңыртуу тууралуу» пикирине комментарий узаткан.

Познердин айтуусу боюнча Россиянын ЕБ жана НАТОго мүчө болуусуна Ельцин каршы эмес болчу, кийин Путин бул идеяны колдоого алгандыгына карабастан бир катар европа өлкөлөрү Россиянын альянска кирүүсүнө каршы болушкан. Бүгүн Россия НАТОго кирүүгө анчалык деле кызыктар эмес. Албетте, алъянска кирүү Россия үчүн көптөгөн жакшы нерселерди алып келмек, бирок бүгүнкү жагдайда ал жүзөгө ашат деп айтуу өтө эле кыйын.