Ырчы Айгерим Расул кызы социалдык баракчасына 2 млн сомго 35 даана аппарат алдырганын жазып, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

“ЭЛДЕН ЭЛГЕ Элибиздин салымы менен жана өз айылдарына аппарат алып берген бир топ жеке ишкерлердин күчү менен 2.000.000  сомго жакын каражат топтолуп, ал каражатка  35 даана кычкылтек концентраттык аппараттарды жана пульсоксиметрлерди алдырдык. Салым кошкон ар бир инсанга башымды ийип таазим этем!  Аллахым сиздерге ыраазы болсун! Элибизде, жерибизде тынчтык болсун! Аман эсен бул апааттан чыгып кетели! Демилгечилер: @aigerim_rasul_kyzy @daria_batyrkhanova Фаберлик Бриллианттар командасы»”- деп жазган ырчы.