«Ислам мамлекети» тобунун кезектеги чуусу

Чыгыш афган шаары Жалал-Абаддагы түрмөгө кол салуунун натыйжасында бери дегенде эле 29 адам навыт болуп, камакта отурган миңден ашык адам качууга аракет жасаган.

Ислам мамлекети тобу өз моюнуна алган бул чабуул жекшемби күнү кечинде болуп өткөн. Бул операция үчүн согушкерлер түрмөнүн кире беришине дүрмөттөлгөн автоунааны айдап келип жардырып жиберишкен.

Түрмө кызматындагылар менен согушкерлердин ортосундагы айыгышкан согуш 20 саатка созулуп, жоочулдардын сегизи жок кылынган.

Афган бийлигинин билдирүүсү боюнча ар кандай кылмыш менен абакта отурушкан 300 адам учурдан пайдаланып түрмөдөн качып кетүүгө үлгүрүшкөн.