Россиянын  Челябинск облусунда 29 жаштагы, жалаң селсаяктарды өлтүргөн Миасс шаарынын тургуну кармалган. Бул тууралуу оруссиялык маалымат булактары жазышты.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кылмышкер аталган шаардын калкы аз жерде, туруктуу жашаган жери жок  кишиге жолугуп, ага алкоголь ичүүнү сунуш кылган. Ичкилик ичкенден кийин, ал жабырлануучуну башына балка менен уруп өлтүргөн.

Тергөөчүлөр ошол эле адам туруктуу жашаган жери жок адамдарга карата дагы ушул сыяктуу 3 кылмышты жасоого катышкандыгын аныкташты. Учурда киши өлтүргүч камакка алынган. Психологиялык жана психиатриялык экспертиза өткөрүүгө дайындалды. Кылмыш ишин тергөө уланууда.