Ырычы Анжелика Кайратовага «Кыргыздын Баатыры» наамын берүү сунушталды. Бул тууралуу куудул Гүлжайна Атаханова соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Анын билдирүүсүндө Анжелика айым көптөгөн кайрымуудулук иштерин уюштурууга себепчи болгон.

«Сенин жасап жаткан жумуштарынды көрүп сендей күчтүү айым болгум келди.
Акты ак деп айтыш керек. Аты жаман ооруу КРды каптагандан бери 1күн дагы өзүн үчүн убакыт болбой Кыргыз элим деп куйүп жанып жүрөсүн. Чынын айтканда САГА «КЫРГЫЗДЫН БААТЫРЫ»деген наам бериш керек. 1000деген адамдар Вирустан коркуп үйүнөн чыкпай жаткан күн да болду, эмне Анжеликага оору тийбей турган жаны ТЕМИР беле. Бирок өз өмүрү коркунучта болсо дагы элим деп тыпылдып жүгүрүп иштеп жүрөт.
Мен бир нерсени баса белгилеп айтат элем @anjelika_kairatovna_official миллиондогон адам өмүрүн сактап калганга көпүрө болду. Бул жумушту баштабаса, жасабаса билбейм дагы канча адам өмүрүнө коркунуч келет эле»,-деди Атаханова.

https://www.instagram.com/p/CDZUHSeDVNm/?igshid=y69hyqg9c3a