Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылынын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Булак айылындагы таза суу менен жабдуу тутумунун курулушу боюнча долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

Айыл тургундары Мамлекет башчысы менен болгон баарлашууда көп учурда алыскы айылдарда болуп келгендей, курулуш токтоп калбаса экен деген кабатырланууларын билдиришти.

«Коронавирус илдети пандемиясынын кесепетинен өлкө туш болгон экономикалык кыйынчылыктар калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт», — деп баса белгиледи Президент.

Долбоор 2020-жылдын октябрында аягына чыгат деп пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык тутумдарды жакшыртуу боюнча улуттук программалар анын президенттик ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири болуп саналаарын эске салды.

«Жарандардын саламаттыгын сактоону, жалпы эле аймактардагы туризмди өнүктүрүүнү таза суусуз камсыз кылуу мүмкүн эмес. Бул комплекстүү маселе. Ошондуктан мен бул багытка өзгөчө көңүл бөлүп жатам. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча программаларды ишке ашырууга бюджеттик каражаттар менен катар сырттан, негизинен гранттык негиздеги каражаттар тартылууда. Президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо ниетим бар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президенттин Жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүү үч жыл катары менен мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы деп аныкталып келе жатканын Мамлекет башчысы эске салды.

Президент менен баарлашууда айыл тургундары бир катар көйгөйлөрүн тизмектешти.

Алардын айтымында, Ак-Булакта орто мектеп жана бала бакча жок, ошондой эле жерлерди трансформациялоо боюнча да көйгөйлөр бар.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берип жатып, аймактык өнүктүрүү саясатынын алкагында ондогон жылдардан бери топтолуп калган айылдардын маселелери этабы менен чечилип жаткандыгын кеңири айтып берди.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жана АРИСтин маалыматы боюнча, Ак-Булак айылындагы таза суу менен жабдуу тутумунун курулушу долбоорун ишке ашыруу Дүйнөлүк банк менен кызматташууда ишке ашырылууда.

Долбоордо узундугу 7800 метр суу түтүгүн орнотуу, 150 метр тереӊдиктен суу чыгаруу, суу топтолуучу жай (резервуар) куруу жана электр зымдарын тартуу, электр трансформаторун орнотуу каралган.

Азыркы учурда курулуш иштеринин 25%ы аткарылган, бир катар көчөлөргө 3700 метр суу түтүктөрү орнотулуп, 1800 метр электр зымдары тартылган, бир трансформатор орнотулду. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында долбоордун бүткөрүлүшү менен айылдын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот.