Онунчу класста окуп жүргөн кез. Мектепке шаардан узун бойлуу Жеңишбек деген бала келди. Шаарга айылдан мектепти бүтүп барса, жогорку окуу жайларында экзамен тапшыруу жеңил болот деп келиптир. Мектептин кыздары бүт эле ашык болду окшойт ошол жигитке.

Ойноок кезибиз, биз «А» класс, а тиги жаңы келген жигит «Б» класста окуйт. Кокус мугалим жок болуп, эки класс чогуу сабак өтүп калсак болду ошол жигитти сындап жатып калабыз. Анда биздин балдар кызганып калышат.

Чынында шаарга өскөнгө болсо керек, колдору апапак, кирпиктери узун, кыздар шаарда сүйлөшкөн кызың барбы, ал жакта кандай деп ар түрдүү суроолор менен кыйнайт элек. Ал жылмайып бир аз орусча кошуп, терикпей жооп берет.

Ошентип жүрүп, бизге кошулуп, айылга көнүп, биз ага көнүп баштадык. Айылда эжейлерден жашынып кече өткөрөбүз, апаларыбызга мектептен буклет, дубал газета берген ошону Шириндин үйүндө жасайбыз деп чыгабыз. Ал жакка барган соң кайдагы буклет, үйдөн алып келген түстүү кагаздар, клей баары калат, биз бийлейбиз. Бир кезде терезе тыкылдатып балдар келет. Алар терезеден кирет. Кокус үйгө апабыз кыздар жакшы отурасыңарбы деп кирсе, балдар жашына калышат. Ошол кечеде алгачкы тунук сүйүүлөр, балалык сезимдер бар эле. Бирок, ошол кече мен үчүн тагдырыма таш ыргытаарын билсем кана.

  Мектепти бүтөөр чакта ошондой кечелер көбөйдү. Экзаменге даярданалы деп бат-баттан чогулуп, жогорку окуу жай тандап отуруп эле билбейм кантип ыр бийге өтүп кетет элек. Биз Марат деген классташым экөөбүз бакчадан чогуу чоңойгон элек, ал кичинекей кезинде мени жакшы көрөөрүн апасына айтып, чоңойгондо ошону алам деп айтчу экен. Бирок, баарынан экөөбүз жакын элек, кээде тамашалап шаардык жигитке ашык болуп калып жүрбө, мен сени алам деп айтып калчу.

Экзамендер бүтүп, аттестат алаар күнү кайра кече уюштурдук. Баарыбыз бийлеп, анан балдар вино куюп берди кыздарга, беттерибиз кызарып күлкүбүз чыгып калды. Бир кезде вальс бийлеп баштадык. Анан Жеңишбек мени бийге тартты. Марат акырын байкатпай сөөмөйүн мага көргөздү. Жарык өчүп бий уланып жатат. Жеңишбек мойнумдан акырын жыттап, белимден бекем кыса кучактап алды. Бир кезде колумдан кармап эшикке чыктык. Бак аралап баратып шарт токтой калды да мени кучактап өпкүлөп кирди. Мен андайды эч көрбөгөм каршылык көрсөткөн менен ал мени арбап жатты. Ошол түнү намысымдан айрылдым. Бирок эч кимге айтпадым. Корктум. Апам билсе теримди тескери сыйрат эле. Атамчы атамдын бетин кантип карайм. Бир туугандардын алдында эмне деген адам болом. Унчукпай ичиме катып жүрө бердим.  Жогорку окууга да өтпөдүм. Кыялымда Жеңишбекти күтүп жүрө бердим. Ал мени алат деп өзүмдү алдадым.

Ал эми Марат медреседе билим алып жаткан. Убакыт өтүп, Марат окуусун бүтүп айылга келди. Мага кезигип баш кошууну сунуштады. Мен ыйлап жибердим, Марат мага кичинемден чогуу өскөнгөбү эч нерсе жашырчу эмесмин. Мен ага баарын айттым. Ал унчукпай угуп, баарыбир сени алам деди. Муну бизден башка эч ким билбейт деди. Ошентип Марат экөөбүз баш коштук. Ал нике түнү өзү баарын жайгарды. Короздун таажысын кесип кан алыптыр. Эч ким эч нерседен шек албады. Жашообуз өтө берди, бирок биз балалуу болбодук. Марат мени күнөөлөгөн жок, кудайдан үмүт үзбөдү.

Менин агам кокустук болуп жеңем экөө каза болду, алардын ортосунда бир бала бар эле. Ал баланы биз багып алдык. Жылдар өтүп, Мараттын иниси келини менен ажырашып кетти, алардын эки баласын багып алдык. Азыр бизди үч бала ата апа дейт, бирок өзүбүз балалуу болбодук. Жеңишбек анда-санда айылга келип турат, бирок бизге жолукпайт. Жолдошума ыраазы болом, ушундай эч ким билбей эки адам кетирген катаны шек алдырбай сактап жүргөн.