Саясатчы Нурлан Мотуев “Чон казатчылар элден акча чогултуп жеп алган», деген билдирүү жазып чыкты.

Ал Сыймык Жапыкеев, Максат Мамытканов баштаган «Чоң казаттын» лидерлерине нааразы экенин айтат.

“Эмне дегенде, буларды “жылдыз оорусу” каптаптыр. Өздөрү берген телефон номурларына чалсам өздөрүн “жылдыз” сезишип телефондорун албай коюшту. Анан мен алардын чыныгы жүзүн айтып чыктым. Ошондон бери эле алар мени душман күтүп калышты. Кайсы кемчилигин айттым: ошол кездеги “крышасы” жок, коргоочусу, колдоочусу жок олигарх Кубанычбек Жумалиевди баса калышып, ошону кайра-кайра жамандап жатып, өздөрүн “жылдыз” сезип калышканынан айткам. “Ошондой эле кыйын болсоңор андан да чоң жегичтерди айтпайсыңарбы. Ошол коррупциялык схеманы түзүп кеткен Атамбаевди айтпайсыңарбы. Эмнеге анын жеген схемаларын айтпайсыңар?” деп… Телефон чалсам алышпайт. Албасаңар албай эле койгула, балакетимди алгыла. Өзүңөрдү “жылдыз” сезип калдыңар беле? Силер эч ким эмессиңер! Болгону мурун бирөөң прокурордук форма кийген, бирөөң УКМКнын формасын кийген “бывший сотрудниктерсиңер”. Силердей “бывший сотрудниктерге” элдин ишеними аз», — дейт Нурлан Мотуев.

Ошондой эле, саясатчы «Чоң казатчылар” элден 20-30 миң доллар жыйнап алып, “представительские расходы” деп үчкө бөлүп жеп алышканын кошумчалады.

“Силер элден 20-30 миң доллар жыйнап алып, “представительский расходы” деп үчкө бөлүп жеп алыпсыңар. Ушулбу кыйратканыңар? Анткени силер ошол системанын бир “винтигисиңер”. Бир кезде ушул системада иштегенсиң, жегенсин, тебилгенсиң. Тебилгенден кийин нааразы болуп чыккансын».

Эске сала кетсек, “Чоң казатчылар” коррупционерлер менен күрөшпөй эле, жөн гана олигархтарды коркутуу менен ири суммада акча «өндүрүү» менен алек деген маалымат чыккан.