АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен болгон жолугушууда Кошмо Штаттар жакында Афганистандагы өз аскер контингентинин кыскара тургандыгын жар салганы менен бирок, бул кыскаруу качан жүзөгө ашырыла баштаарын так айткан эмес.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 2-февларында Катар өлкөсүндө өткөн салтанатта АКШ жана афган радикалдык «Талибан» кыймылы 18 жылга созулган согуш тарыхында биринчи жолу тынчтык тууралуу өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Мунун натыйжасында Америка 14 айдын ичинде өз аскерин Афганистандан чыгарып кетүү тууралуу чечим кабыл алган.

Буга чейин АКШ мамкатчысы Майк Помпео америкалык аскерлер Афганистандан 2021-жылдын май айында чыгып кетээри тууралуу билдирген.