Boy Better Know грайм-тобунун мурдагы катышуучусу Solo 45 деген ысымга ээ британиялык рэпер 24 жылга эркинен ажыратылды. Буга анын кыздарды күч менен кармап, эркине каршы зордук-зомбулук аракеттерди жасап келгендиги себеп болгон.

Соттун койгон айыбы боюнча Solo 45 деген каймана ат менен белгилүү болгон 32 жаштагы Энди Аноке баш аягы 21 аялды зордуктап, алардын бешөөнү коркутуп-үркүтүп эркине каршы кармап жүргөн.

Соттун процессинин жүрүшүндө Энди чыны менен эле аялдарга карата катаал мамиле кылгандыгын моюнуна алып, 21 аялдын ичинен айрымдары жыныстык катнашка өз каалоолору менен баргандыгын жана катнаш зордуктоо жолу аркылуу өтүүсүн суранышкандыгын айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн.