Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын лидери Исхак Масалиевпарламентке кайра келүүнү ойлонууда. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Экс депутат соцтармактын колдонуучуларынын пикирин билүү максатында сурамжылоо уюштурган. 

«Шайлоо кызуу башталды. Таанымалдары да, таанымал эместери да депутат болобуз деп чуркап жүрүшөт. Фейсбук колдонуучуларынын арасында социологиялык сурамжылоо сыяктуу өткөрүп көрөйүн дедим. Албетте, Фейсбуктун колдонуучулары — бүтүндөй эл эмес, бирок, салмактуу ойду чагылдырып берет. 


Суроом — сиздер кийинки чакырылышта Исхак Масалиевди депутат катары көргүңүздөр келеби? Мен бир чечимге келишим керек болуп жатат
», — деп суроо салган депутат. 

Эске салсак, Исхак Масалиев ушул жылдын 25-майынан тартып Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын тапшырган. Ал трибунада сөз сүйлөп жатып, ЖК нын дарегине эң көп сый айткан ушул чакырылыштагы парламент болуп эсептелгенин билдирген.