Быйылкы жылдын эсебинен Бишкек мэриясы борбор калаадагы тогуз медициналык мекемени оңдоп-түзөөнү пландаган. Бул тууралуу мунициналитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, ремонт иштери жай айлары менен чогуу аяктамак, бирок пандемия шартына ылайык кечигүүлөр болуп, каражат болор замат жасалып жатат.

Кайсы мекемеде оңдоо иштери болуп жатат:

  • Бөкөнбаев көчөсү, 137 дарегиндеги Кургак учукка каршы шаардык борборунун чатыры оңдолуп бүттү;
  • Тез жардам кызматынын (дареги Исанов көчөсү, 105) имаратында көп жылдан бери биринчи жолу капиталдык ремонт жасалды. Учурда имараттан алды жана чатыры оңдолуп жатат;
  • Фучик көчөсү, 15 дарегиндеги №1 шаардык клиникалык оорукана. Жылуулап, сыртын сырдоо пландалган. Иштин 30 пайызы бүттү;
  • №6 шаардык клиникалык оорукананын ашканасы оңдоло баштады;
  • Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун  имаратын толугу менен жасалгалоо иштери жүрүп, 70 пайызга аяктады;
  • №1 төрөт үйүндө көз жаргандар көп болуп жаткандыктан, имарат бошобой, оңдоп-түзөө иштери баштала элек;
  • Сүйөркулов көчөсүндөгү балдардын сүт азыктарын даярдоо ашканасында оңдоп-түзөө иштеринин 50 пайызы аяктады;
  • Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын диспетчердик пунктунун имаратын оңдотуу үчүн тендер 10-августта жарыяланат;
  • Горький көчөсү, 1 дарегиндеги автобазасында оңдоп-түзөө иштери баштала элек.