Кырсыктан жаракат алган ырчы Асель Кадырбекова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу,  Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

Ырчынын абалы турукташып, ал үйдө калыбына келтирүүнү улантууда.

«Ал жакшы, мындан 10 күн мурун үйүнө чыгарылган», — деди ооруканадан.


Эске салсак, 26-июнда Бишкекте Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Honda Odyssey кагылышкан. Кырсыкка кабылган айдоочунун бири ырчы Асел Кадырбекова  экени аныкталган.