Турмуш куруп жашаганыбызга 11 жыл болуптур. Бир уулум 10 жашта бир кызым 5 жашта. Күйөөгө тийгени күйөнүн мээрими, сүйүүсү, кызгануусу эркелеткени кандай болоорун билген жокмун. Айтайын дегеним таакыр көңүл бурбайт бир күн бою жоголуп жүрсөң да чалып абалымды сурап да койбойт. Кечкисин кучактап да жатпайт. Аял эркек милдетим тим эле коелук 1 айда 2 же 3 жолу эле болот. Ооруп калсам менен акча алба өзүң иштеп атасында деп даары-дармек да алып бербейт.

Чогуу жашаганы базарга алып барып бир көйнөк да алып бербептир. Мага жат кишидей эле мамиле кылгандай сезилет ушуларын ойлосом. Бир эле жылытаар нерсеси кызын жакшы көрөт а балам экөөбүздү карап да койбойт. Кээде уруша кетип таарынып өзүнчө жатып алсам 1 ай болсо да жаныма келбейт өзүнчө жатып жүрө берет. Кайнене кайнатамды өзүмдүн ата-энемди чакырып жатпаганыбыздан башкасын бир байпак да алып бербегенин баарын айтып салдым.

Өзүмдүн атам аябай сабырдуу бир мүнөз адам жашы 75ке чыкты. «Чыккан кыз чийден тышкары» деп атам баарын унчукпай угуп отурду. Кайнатам да угуп отуруп, аягында бир байпакты өзүң деле сатып алып кийбейсиңби десе жаман болдум. Өзүмдүн атам аны укканда «балам мен сага кызымды аманат кылып тапшырдым эле кызымды карабаптырсың. Угуп отурсам атаң апаң сага тарбия бергендин ордуна бир байпакты өзүң алып ал да деп кайра кызымды урушуп атасыңар, демек мындан ары деле карабайсың ата-энең минтип сүйлөп атса» деп сөзүн бүтүрдү.

Мага карап кызым өзүн чеч деп калды. Мен да ачуум менен «жашабайм» деп айттым. Атам болсо «кудагый кызым жашабайт экен балаңызды алып чыгып кетсеңер болот деп башка сөз айтпай чыгып кетти. Үйдү болсо менин ата-энем алып берген эле. Ошондо да кайнатамдар ачкычты берээреде ал сенин да үйүң деп сүйлөнүп баратты. Анан да балама 1 бөлмө үй алып бер дейт. Мага сен 3 бөлмө үйдө калып атасын деп сүйлөнөт. Болбосо бул үйгө бир тыйын да салым кошкон эмес. Жүрөк жылытаар мамилесин көргөн эмесмин. Арманым көп. Билем ар бир үй-бүлөдө болот. Кээ бириңиздер айтышыныздар мүмкүн үйүң үстүндө курсагынар токбу жашай бер деп. Бирок тамак ашты да эсептешип алып келет. Мен мынчага алдым сен мынчага ал. Мен бул айда свет төктүм сен эмки айда деп эсептешет. Ушундайбы сиздерде да жашоо. Же мен туура эмес ажырашып алдымбы?

Бермет