Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облустагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын белгиледи. Ал мындай маалыматты иш сапары менен жүргөн президент Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөн учурунда билдирди.

Анын билдиришинче, Чолпон-Атада түнкү барлар жана кальян-барлар жабылат. Ошондой эле ал пансионат ээлерине коопсуздуктун алгоритмин сактоо өтүнүчү менен кайрылганын, андай болбогон учурда жалпы кабыл алынган эрежелерди сактоо тууралуу талаптарды бузган пансионаттар дагы жабылаарын айтканын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жиберишти. Өкмөт учурдагы маселелерди чечүүгө ар тараптан жардам берип жатат, бизге ошондой эле ыктыярчылар менен меценаттар көмөк көрсөтүшүүдө», — деди Балбак Түлөбаев.