Өзүн кыргыздын деми деп блогер катары таанылып, кийин ырчылыкка багыт алган Гүлзат Мамытбек учурда Орусиянын баш калаасы Москва шаарында эмгектенип жүргөн чагы.

Ырчы ал жакта дагы өзүн түрдүү долбоорлордун үстүнөн иштеп, чыгармачылыгын таштабай жаңы дем менен эмгектенип келет.

Бул ирет Гүлзат Мамытбектин билдиргенине караганда, жакында көрүүчүлөгө бир долбоорун сунуштайт. Азырынча фотосессиясын гана бөлүшүп, толук маалыматты учуру келгенде күйөрмандар өздөрү күбө болоорун сыр катары калтырды.