«Аль-Жазира» телеканалынын маалыматына ылайык Бейрут портунда болуп өткөн жардыруунун кесепетинен улам 78 адам курман болуп 4 миңден ашуун адам ар кыл жаракат алган.

Көптөгөн адамдар дайынсыз жок болуп жаткандыктан Ливан бийлиги тилекке каршы каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, шейшемби күнү кечинде Бейрут портунун аймагында өтө кубаттуу жардыруу болуп өткөн. Шаар губернаторунун билдирүүсүнө караганда шаардагы имараттардын жарымы жабыркап, ооруканалар жаракат алгандарга толуп кеткен. Ливан премьер-министри Хассан Диябдын айтымында жарылууга алты жылдан бери портто сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы себеп болгон.