Roy Jones Jr Boxing басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча Майк Тайсон менен болгон беттештен мурда Рой Жонс кулактарын камсыздандырып алуусу зарыл.

Дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Жолт Барндын менеджери Тайсон менен Эвандер Холифилддин ортосунда болуп өткөн 1997-жылдагы беттешти эскерип, Рой Жонс кулагын камсыздандырып алуусу керектигин белгилеген. Ринг легендасы Тайсон менен белгилүү мушкер Рой Жонстун ортосундагы беттеш Карсон шаарында (Калифорния штаты) ушул жылдын 12-сентябрында болуп өтөт.

Белгилей кетсек, 1997-жылы болуп өткөн беттеште Тайсон жеңилүү ызаасына чыдабай Эвандер Холифилддин кулагынын учун тиштеп жулуп алган.