Ар кыл жаман иштерге барып, борбордогу тартипти бузуп жатышкан чечен жигиттери Рамзан Кадыровдун буйругу менен Грозныйга алынып келинди. Мамдуманын депутаты Адам Делимхановдун айтуусунда тартип бузуучулар кетирген күнөөлөрүнөн арылуу үчүн Грозныйда оор жумуштарды аткарышат.

Чечен бийлиги бул аракеттерди «кайра тарбиялоо»-деп атады. Ошентип, республикага алынып келинген 100 уландын ата-энелери менен Адам Делимханов жеке өзү сүйлөшкөн.

Ал эми Чечен Республикасынын ИИМ башчысы Руслан Алханов тартип бузуучулар өз милдеттерин кандайча аткарып жаткандыгына тыкыр контрол жүргүзүлөөрүн, эгерде ата-энеси тарбия бере албаса, бул нерсе бийликтин колунан келээрин айткан. Мындан сырткары, ал чечен намысына шек келтирип, аброюн кетирип жаткан мындай жигиттерге президент Рамзан Кадыров дагы катуу капа болуп жаткандыгын кошумчалаган.