COVID19 илдети менен ооруган кызыл зонада иштеп жатып көз жумган 21 жаштагы маркум Адинайдын сиңдиси Жанэл эжеси тууралуу буларды айтып берди.

«Мектепти бүтсөм эжемдин жолун жолдойм деп максат койгом. Кудай ошол күнгө тилегими жеткирсин. Эжекем жүрөгүн жулуп элине арнап кетти. Ага 45.000сомго жумуш сунушталса дагы болбой, кызыл зонада иштейм деп туруп алды»,деди Жанэл.

Ал эми Адинайдын үй-бүлөсүнөн кабар алган Каниет Жыргалбеков коомчулукка кайрылуу жолдоп, Куран окуй жүрүүгө чакырды.

«Адинай такыр чарчабай иштегенин, жанындагы достору чарчап калса алардын пациенттерине дагы жардам кылганын атасы айтып берди. Бүгүн Ысык Атада Адинайдын үйүндө болдук, кайгыны тең бөлүшө билели. Биз Кыргызбыз, бирбиз! Тааныбайм дебей элим деген кыздын арбагына Куран багыштай жүрөлү! Адинай сенин эмгегин тарых бетинде калат! Тынч жат карындашым»,-деди Каниет Жыргалбеков.

Эске сала кетсек, Адинай Мурзабекова 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал И.Ахунбаев атындагы КММА студенти болчу.