1-августтан баштап Талас облусунда пандемия учурундагы эрежелерге өзгөртүүлөр кирди. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Учурдагы кырдаалга карата 1-августтан баштап Талас облусунда пандемиялык эрежелерге жараша өзгөрүүлөр кирди. Ага ылайык ар бир аптанын дүйшөмбү күнү санитардык күн болуп, бардык азык-түлүк, кийим-кече саткан дүкөндөр дезинфекцияланып жабык болот. Талас облусундагы мал базарлар ачылып, иштей баштады. Бардык тургундардан коомдук жайларда бет кап тагынып, гигиеналык эрежелерди сактоо талап кылынат», — деп айтылат билдирүүдө.