Kaktus.media сайтында 3-августь күнү «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасын бухгалтер башкарганы жатат» деген макала жарык көргөн.

Ушуга байланыштуу редакцияга ишкананын эмгек жамаатынан кат келиптир, анда кызматкерлер макалада Н. Нарматованы негизсиз каралоо болуп атканын айтышып, Нарматованын талапкерлигин колдой тургандыктарын белгилешкен.

«Биринчиден, бизди таң калтырганы, эки профсоюздук жетекчилер  сайтка коллективдин оюн жеткирип атышканын билдиришиптир. Бирок эмгек жамааттын бир бөлүгү, тагыраак айтканда, башкы кеңсенин жана Оштогу филиалдын бир катар кызматкерлери  Назгүл Нарматованын талапкерлигин колдошо тургандыктарын билдиришип, өз  колдорун коюп беришкен.

Экинчиден, буга чейинки жетекчи деле бухгалтер болгон, сыягы анын кызматта турганы аларга  жагып келген окшойт. Ар нерсени өз аты менен аташ керек, бүгүнкү мезгилде бухгалтер эмес, заманбап тил менен  Финансылык менеджер деп айтылат. Аял кишилердин авиация тармагында иштеп, зор натыйжаларга жетишкендиктерине мисалдар толтура. Ошол эле Н. Нарматованын тажрыйбасы зор, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасында 20 жылдан ашык убакыттан бери жетекчилик кызматты аркалап  келатат, экономика илимдеринин доктору илимий даражасы бар, кандидаттык диссертациясын   «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясындагы антикризистик башкаруу» деген темада жактаган. Ал эми докторлук диссертациясынын темасы: «Кыргыз Республикасынын инновациялык өнүгүүсүнүн императивдери жана аймактык интеграция» деп аталат.

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын жетекчи кызмат ордуна талапкердин кайсы кызматты аркалап келгени  маанилүү эмес, ал  учкуч, диспетчер, ЭРТО адиси же башка авиация жаатындагы адис ээлери болушу мүмкүн. Башкысы, ал ишканага эмне керектигин, алдыда аткарчу милдеттерди, аларды чечүүнүн жолдорун билип, ишкананын ички түзүлүшүн, аны кандай нукта алып кетүү жагын жакшы билиши керек. Бүгүнкүдөй экономикалык кыйынчылык мезгилде, мамлекеттик бюджеттин ар бир сому эсептелип аткан чакта ишкананы финансылык менеджер башкарууга тийиш. Н. Нарматова дал ошол финансылык менеджер экендигин жакшы билебиз. Ал өзүнүн экономикалык билими, бул жааттагы мол  тажрыйбасы аркылуу ишкананы натыйжалуу башкарарынан кымындай да шегибиз жок.  Биз эмгек жамаат менен бул катка колдорубузду коюп, маалымат каражаттары аркылуу Назгүл  Нарматованын талапкерлигин колдой тургандыгыбызды билдиребиз», — деп айтылат  катта.