Жалал-Абад облусу Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун Шопок айылында Нарын дарыясынын жээгинде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай маалымат 102 кызматынан түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, маркумдун жансыз денесин чыгарышып, Ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.