Баштапкыдай эмес, аялыңыздын тез ачуусу келип, сизге деген көңүлүнүн сууп бара жатканын байкайсызбы? Анда төмөндөгү кенештериме кулак төшөңүз:

1. Биринчиден, сиз аялыңыз менен жакшылап отуруп сүйлөшпөйсүз. Бул чындык ал дейсиз, бул дейсиз бирөөлөрдүн көйгөйүн чечесиз, сырттагы жумушту иреттейсиз, болбой калса телефон чукулайсыз. Аялыңыз сураса жүрдүм-бардым жооп бересиз. Чарчаганыңызды айтасыз. Телеберүү көрүүгө ашыгасыз. Натыйжада баарын жайлап койуп, аялыныз менен сырдашууну үмүт кылып калтырасыз.

2. Экинчиден, сиз сырткы турпатыңызга маани бербейсиз. Белгилүү сахаба ибн Аббас (ра) айтат эле:»Мен аялымдын мен үчүн жасанганын жакшы көргөнүмдөй мен да ошол үчүн жасанам». Чынында эркектин аялынын купулунан чыгууга аракет жасоода -жөнөкөй эле амал. Ошондуктан өң-келбетинизди, чачтарынызды иреттеп жүрүңүз. Үйгө келгенде жуунуп тазаланыныз. Кийиминизге маани бериңиз.

3. Үчүнчүдөн анын ички жан дүйнөсүнө кызыкпайсыз. Жубайлардын сөзү көбүнчө бала-чаканын жайы, азык-түлүгү, отун-суусу дегендей турмуштун ар түрдүү сөздөрү. Алар бири-биринин жан дүйнөсүндө кандай өзгөрүштөр болуп жатканын түшүнбөгөндүктөн араларында келишпестик пайда болот. Өзүңүз ойлонуз аялыныздын нени каалап нени унутпай жүргөнүн билбесеңиз сиз ага кандай жакшы күйөө болуп бересиз?

4. Төртүнчүдөн романтикага жол бербейсиз. Эсиңизге тушуруңуз, экөөңүз алгачкы таанышкан күндөр кандай эле? Алгачкы жолу ага айткан сөзүңүзчү? Ал да табышмак сизда табышмак. Бири-бириңиз үчүн купуясы ачылбаган сандык сыяктуу бири-бириңизге күлүмсүрөп карап жүргөн кездер кандай таттуу эле? Негизинен бул бакытты кармап туруу эң алды менен Аллахтын андан соң сиздердин колуңузда. Алла аракетке карай берекет берет. Күтпөгөн белектер жылуу сөздөр мунун баары махабат отунун кайра тутанусуна себеп болот.

5.Ал-үйдөгүлөрдүн курсагын тойгузуп туруучу жалгыз адам. Негизинен үй-иши аял кишинин мойнунда болгону менен күнүнө бир нече жолу тамак кылып, ата-эненин көнүлүн алып, тууган уруктун көңүлүнө жагуу бир канча энергия талап кылынышын моюнга алуу керек. Аял киши тамак жасоо аркылуу ырахаттанат. Анда өзүнө билинбеген гормондор пайда болот. Табиятында да назиктигин сактайт. Анда-санда көңүлүн сергитип, жумуртка кууруп берсеңиз, же болбосом бир жерге алып барып тамак алып берсеңиз, бул — аял үчүн зор бакыт, күтүлбөгөн кубаныч болоору шексиз.

6. Аялыныз үйдөгү атанын да, эненин да ролун өзү аткарып жүрөт. Сиздин баланыз жетим эмес, анын атасы да, апасы да бар. Иш жүзүндө ушундай, бирок чынында кандай экенин ойлонуп көрдүңүз беле? Бала бир нерсе кылса же бузукулук жасап койсо: «Балага карабайсыңбы?!», «Бул сенин тарбиян го!»,» Эмнени карап жүрөсүң?» — деген сыяктуу айыптоолорду угуп жатабыз. Эркек, турмуш камы менен жүргөнү чын. Бул, ар бир адам бала тарбиясына жооп бербейт деген сөз эмес.

7. Аялынызга жылуу сөз, камкордук жетишпейт. Ооба, «Аялдын табияты жайлуулукту, жылуулукту каалайт. Ала-Тоого чыгарганды эмес, алаканда кармалганды каалайт». Аялды эркелетуу, анын сулуулугун айтып, кийимине тамагына оң деген баа берип, комплимент айтып туруу- гүлгө суу куйган сыяктуу. Эгер убагында куюлбаса, соолуп калат. Ошондуктан эркек үйгө келгенде чарчаганын коюп, тамак ичип, жатып албай, аялынын ал үчүн сулууланганына, чачын өзгөрткөнүнө жана башкаларына маани берип, жылуу сөз айтып, мактап турушу керек.

8. Кээде аялыңызга аз болсо да тынчтык керек болушу мүмкүн. Дайым эмес, бирок арасында балдарды талаага алып кетип, анын өзү менен өзү калуусуна, өзүнө кутуу жасап, дем алуусуна мүмкүндүк бериңиз.


9. Өз сөзүңүздүн чындыгын далилдөө үчүн күч пайдалануунун кереги жок. Акылдуу эркек каш-кабагы менен-жарын башкара алат. Ал үчүн аялыңызга акылыңызды айтып, кандай кылса туура болот, кандай кылса туура эмес болор экенин шашпай түшүндүрүп, ага өзүңүздү, сөзүңүздү сыйлуу экенин билдиришиңиз керек.

10. Бардык жоопкерчиликти анын мойнуна илип коюу анын кыжырын кайнатуусу мүмкүн. Сыз бейкапар керебетте телевизор көрүп жатасыз, телефондо баарлашасыз. Ал эми аялыңыз үйдүн тиричилиги менен башы катып жүрөт. Анын себебинен анын оюнда : “Эмнеге ал дем алып жатат? Эмнеге мен гана баарына жүгүрө берүүм керек?» — деген ой туулушу мүмкүн. Ошондуктан, «Үйдөгү бардык жумуштарды мен келгенче аткарып койчу» — деп сураныныз да, жумуштан келгенден кийин, аялыныз менен бирге отуруп дем алыныз.

Ошондуктан, бири-бирин айткызбай — түшүнгөн, жарашыктуу, улгулуу уй-бүлөөлөрдөн болууга аракет жасайлы