Бүгүн, 5-август күнү Бишкек шаарында Ички иштер министрлигине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан автоунааларды жана башка жабдыктарды тапшыруу аземи өттү. ИИМ жаңы заманбап атайындаштырылган автоунааларды алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кеңешчиси Шамшыбек Мамыров катышты.

Өзүнүн учурашуу сөзүндө ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө кошуп жаткан салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Долбоордун алкагында тапшырылып жаткан кезектеги автоунаалар менен жабдыктар коомдук тартипти жана инсандын коопсуздугун сактоо, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө пайдаланылып, натыйжалуу жана максаттуу түрдө кылмыштуулук менен күрөшүүгө шарт түзөт.

Жыйынтыгында Алмаз Орозалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен мындан ары дагы тыгыз кызматташууга ниетин билдирип, иштерине жана долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалап өттү. Ал эми, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын милдетин аткаруучу Сергей Слезнев укук коргоо ишмердүүлүгүн колдоо жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү максатында аталган автоунаалар менен жабдыктар тапшырылгандыгын билдирди.

Ошондой эле, бул багытта мындан ары дагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендеги белгиленди. Ички иштер министрлигине “ГАЗ 3302-1450” үлгүсүндөгү эки автоунаа (кармалган адамдарды ташуу үчүн транспорттук каражат), “Соболь Газ” үлгүсүндөгү үч кичи автобус (милициянын көчмө кабылдамасы) жана башка зарыл болгон жабдыктар тапшырылды.

Жаңы автотранспорт каражаттар ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө жөнөтүлүп, коомдук тартипти камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Автотранспорттор заманбап жабдыктар менен камсыздалган.

Алынган жардамдар коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган ар кандай чечимдерди кабыл алууда ыкчамдуулукту жакшыртууга шарт түзөт.