Россиянын ушул аптанын башында вакцина боюнча тараткан билдирүүсүнөн соң Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму коронавируска каршы вакциналарды массалык түрдө чыгарууда РФны этият болууга чакырды.

Эске сала кетсек, август айынын башында Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко вакцинаны клиникалык жактан сыноо аяктагандыгын, ал эми массалык вакцинация октябрда башталаарын жар салган.

Өз кезегинде ДССУ вакцина даярдоодо узак убакыт талап кылынаарын, ошондой эле ал ар тараптуу сыноолордун өтүүсү керектигин белгилеп келип Н.Ф. Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиологиялык улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары тарабынан даярдалып, Россияда жасалып жаткан вакцина ДССУ тарабынан белгиленген жана үчүнчү фазадагы клиникалык сыноолордон өтүп жаткан алты препараттын арасында жок экендиги кооптондуруп жаткандыгын кошумчалаган.