Түрк аба жолдору Стамбул — Бишкек — ​​Стамбул каттамын жандандырат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Белгилүү болгондой, учуулар жумасына эки жолу жүргүзүлөт.

Бирок, Стамбул — Бишкек каттамы боюнча учууга Кыргызстандын жарандарына гана уруксат берилет.
Чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде түрк жарандарынын кирүүсүнө бир катар өзгөчө учурлардан тышкары, тыюу салынат.


Атап айтканда, өзгөчө шарттар төмөнкүлөргө тиешелүү:

дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;

дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн суроо-талабы колдонулган чет мамлекеттердин жарандары (атап айтканда, W1 жана W2 визаларынын ээлери);

чет мамлекеттердин жарандары болуп саналган расмий делегациянын мүчөлөрү;

Кыргызстанда иштөө визасы бар чет өлкөлүк жарандар;

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары болгон чет өлкөлүк жарандар;

жүк ташуучулар;

учкучтар жана айдоочулар.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүү үчүн ПЦР тестин кереги жок.