Саясатта деле “бактылуу кокустук” – деген болот тура. Дал ушундай жол менен саясатка “чиркешип” калган “Бектур Асанов” – деген дөөпөрөс бар. Убагында темир сатып жүрүп диплом сатып алганы менен “көрөңгө, билим, деңгээл”- деген түшүнүктөр, мунун түшүнө да кирбейт.

2010-жылы Кадыржан Батыровго окшогон сепаратисттердин айтканын “кыңк” этпей аткарып далай кыргыздын канын төгүлүшүнө себепкер болгон.

Депутат кезинде, деле “чеке жылытаарлык” иш кылбай “сеп этип” алып сессияга катышып шерменде болгону элдин эсинде.

Аңды-дөңдү карабаган аңкоолугунан бир топ убакыт түрмөдө отуруп “ЗЕК” болуп чыккан жагдай да бар. Эми ажо буга ырайым кылып эркиндикке чыгарып койсо, оюна келгендин баарын “оттоп” ойду-тоону сүйлөп жатканына жол болсун. Кыргыздын “жакшылыкка жамандык, көр адамдын белгиси” – деген лакабы бүгүн Бектур “палванга” куп жарашып турган кез.