Ырчы Асел Кадырбекова 25-июндан бери «Инстаграм» баракчасы иштебей, бир дагы бир пост чыккан жок. Ооруканадан чыкканына саналуу гана күн болгондо кечээ тагыраагы 4-августа Асел Кадырбекова алгачкы постун чыгарды.

Анда Кадырбекова сулуулук салонун жарнама катары берген. Бул жарыя чыгаары менен ырчынын күйөрмандары бир катар билдирүүлөрдү жазып жатышат.

Алар элге ыраазычылык билдирүүнүн ордуна реклама чыгарганын сынга алышты.

Кудай жардам берип, элдин батасын алып сакайып кетти. Эл дуба кылып отурса элден айланса болот эле. Постун ордуна салонун реклама кылат. Салон эмес эл коркуп отурган заман. Биринчи посту реклама болду”,-деп жазат күйөрмандары.

Асел Кадырбекованын “Инстаграм” баракчасында 2,2 миллион катталуучу жазылган. Ал жакта ырчы жарнама жана өзүнүн сүрөттөрүн киргизип турат.  

Эскерте кетсек, Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 автоунаа катышкан жол кырсыктан жаракат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып чыккан.