Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер Кыргызстандын жана Казахстандын тышкы иштер министрликтери тарабынан, Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты. Бул тууралуу Ресупбликалык штабдан билдиришти.

Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу бир нече этаптык автобустардын колоннасы менен жүргүзүлөт.

1101 КР жаранынан турган 20 автобустан турган колоннанын биринчи партиясы кечээ күну, 4-августта кечки убакытта казак-кыргыз чек арасынан өткөн, учурда ал Казахстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатканы маалым.

1356 КР жаранынан турган 23 автобустан турган колоннанын экинчи партиясы бүгүн, 5-августта Казахстан менен Россиянын чек арасынан өтүп, учурда ал Казахстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатканы маалым.

КР ТИМ Россиянын аймагындагы КР жарандарын, Россия менен Казахстандын мамлекеттик чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле, Россия менен Казахстандын чек арасында кезектеги мекендештердин топтолуусун алдын алуу үчүн, Кыргызстанга Россиянын Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан уча турган чартердик каттамдардын санын көбөйтөт.