«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик билим берүү уюмдары үчүн COVID-19 пандемиясынын кырдаалында жаңы окуу жылында онлайн билим берүүнү ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында Консультативдик кеңешин түзгөн», — деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров.

Анын айтымында, кеңеш 3 багытта иш алып барат: студенттерди, мугалимдерди жана окуу-жайдын администрацияларын колдоо боюнча.

«Санариптик билим берүүнү жайылтууда санариптик технологияларды колдонууда билим берүү уюмдарынын алдыңкы тажрыйбасын эксперттер талдап чыгып, колдонушат. “Тең-теңине” принциби боюнча Консультативдик кеңештин эксперттери тарабынан билим берүү уюмдарына, анын ичинде региондордо жайгашкан окуу жайларга, онлайн режиминде билим берүүнү жайылтуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы бар окуу жайлар тарабынанн көмөк көрсөтүү уюштурулат”, — деп белгиледи ал.

Төмөнкү сунуштар иштелип чыгууда:

  • билим берүү мекемелеринин администрацияларына пандемия шарттарында онлайн режиминде билим берүүнү уюуштуруу маселелерин чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.
  • окутуучулардын, көмөк көрсөтчү, жардамчы кызматкерлердин жана администрациянын потенциалын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
  • студенттерди онлайн режиминде билим берүү процессине даярдоо жана сунуш кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда. Практикалык колдонмо иштелип чыгып, ал студенттер үчүн, айрыкча биринчи курстун студенттери үчүн онлайн режиминде пайдалуу практикалык куралы болуп калат.