Мен бойго жетип калган 18 жаштагы кызмын. Мени жандап, жакшы көргөн жигитим бар. Ата-энеси биздин сүйлөшүп жүргөнүнөн кабары бар. Ата-энесине мени дагы тааныштырган. Жигитим дагы ыймандуу жакшы бала. Ичпейт, чекпейт. Апасы оронот, атасы молдо эжелери да оронот жөнөкөй үй-бүлө суктанам. Биздин сүйлөшкөнүбүзгө 8 ай болду. Кийинки жылы үйлөнөбүз деп жигитим сунуш киргизген. Бирок мени ойлондурган маселе келип чыкты.

Кечээ үйгө аяш энем менен аяш атам коноко келишкен. Баласы дагы чогуу келип, чай ичип, тамактанып отурушту. Апам мени чакырды менда барып жандарында отурдум. Сүйлөшүп окуумду сурашып, бир убакта аяш атам «кызымды бересиңби бизге» деп атама кайрылды. Атам мени карап туруп «ооба досум сендей досумдун баласына бербегенде кимге берет элем» деп жооп берди. Мен эч нерсе дебей өз бөлмөмө чыгып кеттим.

Коноктор кетээри менен апама чакырып менин жигитим бар экенин билесизго эмне андай жооп беридиңиздер деп айттым. Апам «кантип айтам жигити бар» деп дейт. Жигитимди аябай жакшы көрөм алда мени жакшы көрөт сыйлайт, айтканымды кылат. Аяш атамдын баласы деле жакшы бала. Жигитиме болгон чындыктын баарын ачык айттым. Ал үйдөгүлөрдү жөнөтөм анда деди. Сүйлөшүп атышат эле атам урушат да дедим. Алда ойлонуп анда «качып катейли» деди жок дедим.

Аяш атамдарга ооба деп койушту атам бир сүйлөйт өзүм айткандан корком. Бардык эле аталар олуттуу болсо керек билбедим. Эми не кылсам экен деген санаам санга, оюм онго бөлүнүп ой жеп жатат…Ушунча багып чоңойтуп, эрежеге жеткирип койгон ата-энемдин айтканына каршы чыгайынбы!? Жэ 8 ай мурун таанышкан жигитимди тандайымбы? Башым катты…

Жибек