Америкалык The National Interest басылмасы «Континент аралык «Сармат» баллистикалык ракетасы чыккандан кийин Россия курал-жарактарынын кубаты боюнча АКШны артка калтыраарын» жазып чыккан.

Басылманын маалыматына ылайык аталган ракетанын учуу ыраактыгы өзүнөн мурдагы РС-36 «Воевода» ракетасынан кыйла ашып кетет. Тагыраак айтканда, «Воевода» ракетасынын учуу ыраактыгы 10 миң км болсо, «Сарматтыкы» 18 миң километрди түзөт.

Айрым маалыматтарга ылайык ал 2021-жылы россиялык курал-жарактардын катарын толуктайт.