Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иш чараларын жүргүзүшүп келишүүдө. Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Милиция кызматкерлери коомдук жайларда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, анын ичинде ар бир жаран саламаттыгына көңүл буруу зарылдыгы эскертилип, медициналык бет каптарды тагынуу жана эл топтолгон жайларда аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилүүдө.

Уюштурулган алдын алуу иш-чаралардын учурунда Жайыл районунун аймагында бир катар кылмыштардын бети ачылган. Жогорудагыдай эле иш-чаралар Сокулук районунда да уюштурулуп, район аймагындагы айылдарда, жаңы конуштарда, коомдук жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке буюмдарга, үй мүлктөрүнө сак болуунун жөнөкөй эрежелери эскертилди. Андан сырткары учурда дүйнөдө жайылып жаткан жугуштуу илдеттен сактануу багытында, саламаттыкка көңүл буруу, корновирус инфекциясынан коргонуу боюнча талаптарды так аткаруу зарылдыгы эскертилүүдө.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы