Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын аймагындагы КР жарандарын Россияменен Казахстандынмамлекеттик чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат. Бул тууралуу,  Республикалык штабдын басма сөз кызматынан билдирди.

Россия-Казахстандын чек арасында кезектеги мекендештердин топтолуусун алдын алуу үчүн Кыргызстанга Россиянын Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан уча турган чартердик каттамдардын санын көбөйтөт.

Белгилей кетсек, 4-5-август күндөрү чыккан 43 автобус колонна менен Оренбургдан чыккан КР жарандар алынып келинген.